Бул тууралуу Баткен районунун прокурорунун орун басары Санжарбек Кочкорбаев 1-июлда Баткен облустук прокурорунун өлүмү боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берип жатып билдирди. Ал 17-ноябрда маркум жана айыпталуучу менен мергенчиликке чогуу чыккандардын бири, «Нива» машинесин айдап барган.
Санжарбек Кочкорбаев сөөктү «Лексус» автоунаасынын изи менен барып табышканын, ал таңкы саат 5-6 чамасында болгонун айтты. Адвокат бул аймак Кочкорбаевге кайдан тааныш экенин сураганда, ал аймакты мурда да кыдырып жүргөнүн, жакшы билерин айтты. Кочкорбаев прокурордун сөөгүн издеп жүргөндө колунда караңыда жарык кылып көрсөтүүчү жабдык жана чырак болгонун, ошол эле учурда артында машиненин чырагы да жарык кылып жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, Баткен-Исфана жолунан сөөк табылган жерге чейин бир сааттан ашык убакыт жол жүргөн.
Сөөк табылган аймак Тажикстан менен чектешет. Мелис Калыковдун адвокаты Асылбек Кунгуров берген айрым суроолорго берилген жооп менен мурунку тергөөдө берилген көрсөтмөлөр дал келишпей калып жатты.
17-июнда болгон акыркы жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө беришкен. Алар Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн бир аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чогуу чыгышкан.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN\ZKo)