Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Абдышүкүр Нарматов Атамбаевдин үйүндөгү штабдан кабар алды


Алмазбек Атамбаев менен Абдышүкүр Нарматов учурашып жатат. Кадр Атамбаевдин президент кезинде тартылган. Иллюстрациялык сүрөт.
Алмазбек Атамбаев менен Абдышүкүр Нарматов учурашып жатат. Кадр Атамбаевдин президент кезинде тартылган. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр Нарматов 1-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чогулгандар менен жолугуп, кабар алып кетти. Бул тууралуу штабдын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, өздөрүн «элдик штаб» деп атаган топто ушу тапта 100гө жакын киши бар.

Мунун алдында белгилүүлөрдөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов жана КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев да бул штабдан кабар алып кетишкен.

Парламент 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратты. Атамбаев муну «демократияга балта чабуу» катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. ​Ал сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. (ErN)

XS
SM
MD
LG