Бишкекте курорттук мекемелердин жетекчилик кызмат орундарын сатып алууну сунуш кылып, алдамчылык менен алектенген аял кармалды. Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлагандай, кеминде эки киши анын курмандыгы болгон. Жабырлануучулар бул кызмат үчүн 28 миң жана 30 миң доллар беришкен.
Тергөөнүн версиясына ылайык, шектүү өзүнүн «кардарларына» чоң кызматта иштеген тааныштары бар экенин айткан. Ал акча берсе, абройлуу санаторийлердин директорлугуна дайындай аларын билдирген. Кайсы мекемелер жөнүндө кеп болуп жатканын ИИМ тактаган жок.
Жабырлануучулардын арызы боюнча факт Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 49 жаштагы шектүү буга чейин соттолгону такталды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)