Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Сириянын агенттиктери Израил абадан сокку урганын маалымдашты


Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 1-июлда Израил өкмөттүк армиянын Дамасктын жанындагы позицияларына абадан сокку урганын кабарлашты. SANA агенттиги атын атабаган аскердик булакка шилтеп жазганына караганда, ракеталар израилдик согуш учактары Ливиянын аба мейкиндигинен учуп бараткан кезде атылган. Агенттик Дамасктын жанындагы Сахная шаарчасында төрт жай тургун каза тапканын, 20дан көбү жарадар болгонун маалымдады.

«Сирия обсерваториясы» укук коргоо уюму чабуулдан режим тарабында согушкан 9 киши, негизинен чет өлкөлүк жарандар жана 6 карапайым киши, ичинде үч жеткинчек каза табышканын билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, бутага Ирандын Дамасктын жанындагы жайлары жана Хомстогу изилдөө борбору, аскердик аэропорт алынган. Ал жакта «Хезболла» уюмунун согушкерлери жана ирандыктар жайгашкан.

Израилдин Куралдуу күчтөрү бул кабарларга комментарий беришкен жок.

Израил Ирандын жана «Хезболла» өңдүү уюмдардын жайлары деп Сириянын аймагына жүздөгөн сокку урган. Ал чабуулдар Тел-Авив менен Москва ортосунда араздашууга алып келди. Орусия Иран менен катар жарандык согушта Сириянын президенти Башар Асадды колдойт.

XS
SM
MD
LG