Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Гонконгдо демонстранттар парламенттин имаратына кирип барышты


Гонконг, 1-июль, 2019-жыл.

Гонконгдо жүздөгөн демонстранттар мыйзам чыгаруучу орган жайгашкан имаратка жапырт кирип барышты. «Reuters» агенттиги алардын көбү темир арматура, түтүктөр менен куралданганын жазды. Телекадрларда алар дубалдардагы сүрөттөрдү талкалап, тамдарга граффити тартканын, залдарга тамак-аш салынган кутуларды алып келип жатышканын көрсө болот. Маалыматтарга караганда полиция демонстранттарга тоскоол болгон жок.

Бийлик нааразылыкка чыккан жаштарды «козголоңчулар» деп атады жана имараттан чыгып кетүүгө чакырды.

1-июлда эртең менен Гонконгдун Кытайдын юрисдикциясына өткөнүнүн 22 жылдыгына арналган иш-чара полиция менен демонстранттардын кагылышуусу менен аяктаган. Дүйшөмбүдө эртең менен туу көтөрүү аземине жолтоо болууга аракет кылган демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, союлдарды колдонду. Бир нече киши жаракат алганы кабарланды. Оппозиция буга чейин бул күнү ири каршылык акциясын өткөрөрүн эскерткен.

Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай келатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элдин нааразылыгын жараткан. Мыйзамга каршы чыккандар долбоор диссиденттерди, адилетсиз куугунтукталган адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачат деп чочулашат.

Массалык нааразылык акциясынан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен алынышы керек дешет. Өткөн дем алыш күндөрү, маалымат каражаттары кабарлашкандай, Гонконгдун көчөлөрүнө 2 миллиондой киши чыккан.

1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы көз карандысыз бойдон калышы керек деген шарт коюлган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG