Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Шаардык кеңеш мектеп боюнча «Газпромдун» сунушун талкуулайт


«Газпром-Кыргызстан» компаниясы Бишкекте салган мектеп. 24-июнь, 2019-жыл.
«Газпром-Кыргызстан» компаниясы Бишкекте салган мектеп. 24-июнь, 2019-жыл.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 30-июндагы сессиясында баш калаадагы мектепти ижарага алуу тууралуу «Газпром-Кыргызстан» компаниясынын өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар «Газпром-Кыргызстан» компаниясы курган мектепти кайра ага ижарага берүү жөнүндөгү сунушту 28-июндагы жыйында түнгө чейин талкуулаган. Бир чечимге келе албагандыктан алар маселени кароону бүгүн да улантууну чечишкен.

«Газпром-Кыргызстан» өткөн аптада Бишкек шаарынын түштүк тарабына 960 орундуу мектептин имаратын куруп, мэрияга өткөрүп берген. Бирок аны кайра өзүнө 20 жылга ижарага берүүнү сурап жатат.

Компаниянын суранычы канааттандырылса, ал мектепте окуу акысы ар бир окуучу үчүн айына 22 миң сом болору айтылган.

«Газпром» 960 орундан ашыкча окуучу кабыл алынбай турганын, орундардын 25 пайызы бекер болорун билдирип жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG