Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

АКШ элчилиги: Пол Уиландын абалы начар


Пол Уилан Москванын Лефортово райондук сотунда. 24-май, 2019-жыл.
Пол Уилан Москванын Лефортово райондук сотунда. 24-май, 2019-жыл.

АКШнын Орусиядагы элчилиги тыңчылык үчүн күнөөлөнүп, Москвада абакта отурган америкалык жаран Пол Уиландын абалы начарлап кеткенин билдирди. Элчилик 1-июлда «Твиттердеги» баракчасына дарыгерге Уиланды карап чыгууга уруксат берүү тууралуу өтүнүч четке кагылганын жазды.

Маалыматка караганда, АКШнын деңиз күчтөрүнүн мурдагы аскери Пол Уилан абакта медициналык жардам алууда. Бирок элчилик ал өтө сапаттуу медициналык жардамга муктаж экенин айтууда.

Мындан бир нече күн мурда элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Уиландын кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарды текшерүүнү талап кылган нота жиберген.

АКШдан тышкары Канаданын, Ирландиянын жана Британиянын жарандыгын алган Уилан былтыр декабрда тыңчылыкка шектүү катары Москвада кармалган. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG