Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Москва соту тыңчылык боюнча айыпталган америкалыкты камакта калтырды


Пол Уилан Москва шаардык сотунда. 20-июнь, 2019-жыл.
Пол Уилан Москва шаардык сотунда. 20-июнь, 2019-жыл.

Москва шаардык соту 20-июнда тыңчылыкка байланыштуу айыпталган америкалык жаран Пол Уиландын камактагы мөөнөтүн узартты. Уиландын ишине «жашыруун» деген гриф коюлгандыктан жараян жабык өттү. Майда Москванын Лефортово райондук соту америкалык жаранды 29-августка чейин абакта калтырган.

Муну менен адвокаттын аны үй камагына которуу тууралуу арызы канааттандырылган эмес.

АКШнын жарандыгынан тышкары Ирландиянын, Канаданын жана Британиянын да паспортуна ээлик кылган Пол Уилан Орусияда былтыр 28-декабрда камакка алынган. Ал «тыңчылык кылган» деп шек саналууда.

Орусияда мындай кине коюлгандар 20 жылга чейин соттолот. Анын үй-бүлөсү Уилан тыңчы эмес экенин, Москвага үйлөнүү үлпөтүнө катышуу үчүн барганын билдирип жүрөт. Орус бийлиги ага коюлган айыптын чоо-жайы тууралуу толук маалымат бере элек.

48 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан «BorgWarner» аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган жана кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Дооматтарды четке каккан Уилан «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG