Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Жапаровдун адвокаты жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрыла элек


Садыр Жапаров жана анын адвокаты Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык сотунда. Сентябрь, 2017-жыл.
Садыр Жапаров жана анын адвокаты Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык сотунда. Сентябрь, 2017-жыл.

Камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун адвокаттары жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрыла элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Шарабидин Токтосунов билдирип, бир нече жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Жапаровдун иши кайра каралышы керек экенин, бирок сотко ишеним жоктугунан азырынча арыз бериле элек экенин айтты.

- Жаңы жагдайлар көп. Алар - төрт күбөнүн көрсөтмөсү, видеокайралуусу, соттордун мыйзам бузган фактылары, Бишкек шаардык сотунда жараянга төрагалык кылган Жаңыл Мамбеталынын отурумду туура эмес алып барганы боюнча Тартип комиссиясы аны «мыйзам бузган» деп тапкан чечими, ал тургай эскертүү бергени. Ушулардын баары жаңы жагдай болуп саналат. Бизде сотко доо арыз даяр. Бирок азырынча бере элекпиз. Эгер Жогорку сот чечимди өзгөртпөгөндө биз Биринчи май райондук сотуна кайрылмакпыз. Алар чечимди өзгөртүп койбодубу. Эми биздин жаңы жагдай боюнча кайра Жогорку сотко гана кайрылууга укугубуз бар.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

1-июлда Жапаров түрмөдөн элге кайрылуу жасап, акыркы саясий окуялардан улам калкты тынчтыкка чакырган. Анын кайрылуусун адвокат Шарабидин Токтосунов жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG