Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Курман айттын болжолдуу күнү белгиленди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши Курман айттын болжолдуу күнүн 10-11-августка белгиледи.

Бул тууралуу «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди. Анын айтымында, айттын так датасы 6-августтан кийин, айды кароо жөрөлгөсүнөн соң болот.

Курман айт ажылык сапардын этегине туш келет. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 орун бөлгөн. Зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге 16-июлда жөнөйт. Ажылыктын баасы жогорулап, 3000 доллар деп белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG