Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Жээнбеков табигый кырсыкка байланыштуу Путинге көңүл айтты

Иркутск облусу.
Иркутск облусу.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы ташкындан улам Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге көңүл айтты.

«Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюшуңузду өтүнөм», деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Иркутск облусундагы табигый кырсык өткөн жумада жаан-чачындардан кийин беш чоң дарыя жээктен ашканда башталган. 

1-июлда эртең менен облустун алты районунда 55 айыл-кыштак суу астында калды. 32 миңден ашуун киши жашаган жети миңдей турак-жайды суу каптады. 2,5 миңдей тургун коопсуз жерлерге көчүрүлдү. 13 көпүрө жабыркады, бир нече жолду суу каптады. 30 миңдей киши электр жарыгысыз калды.

Суу каптоо жети кишинин өмүрүн алганы, дагы тогуз адамдын, анын ичинде жашы жете элек баланын дайыны табыла элек экенин бир катар агенттиктер аймактын чукул кырдаал кызматындагы булакка таянып кабарлашууда. 153 кишиге ооруканаларда жардам берилип жатканы расмий ырастала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG