Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:06

ЖАМК: Петрушевский дарыгердин көзөмөлүндө


Алексей Петрушевский.
Алексей Петрушевский.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кароосуз калган балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевскийдин ден соолугуна байланыштуу «Азаттыктын» суроосуна жооп берди. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Петрушевский дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

- «Аны ооруканага которуш керек» деп айтылган жок. Калгандарын сот чечет. Анын операция болгонуна көп эле болуп калыптыр. Учурда дарыгерлер көзөмөлдөп турушат.

1-июлда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Петрушевскийдин абалынан кабар алып, аны үй камагына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону сотко сунуш кылышкан. Буга чейин Петрушевскийдин жакындары ушундай эле сураныч менен бийликке кайрылышкан.

Бүгүн, 2-июнда аталган борбордун тарбиялануучулары басма сөз жыйынын өткөрүп, мурдагы жетекчини бошотууну өтүнүштү.

Быйыл 6-июнда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген негизде кармалган Алексей Петрушевский Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган. 27-июнда Бишкек шаардык соту аны кайра 6-августка чейин тергөө абагына которгон.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Петрушевский реабилитациялык борборду жетектеген 2017-жылы апасы таштап кеткен балага башка аялдын жардам беришине уруксат берген. Укук коргоо органдары анын буга уруксат берүүгө укугу жок болчу деп эсептешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG