Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Арыс: үч тургун «чагымчыл маалымат тараткан» деп шек саналууда

Арыс, жарылуудан кийин.
Арыс, жарылуудан кийин.

Казакстандын полициясы Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу социалдык тармактарда чагымчыл мүнөздөгү маалымат таратуу фактысы иликтенип жатканын билдирди. Ага ылайык, алты киши полициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилди жана алардын үчөөнө карата тергеп-иликтөө иштери башталды.

«Үч адам боюнча «Такталбаган маалыматты атайлап таратуу» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шаардык бөлүмгө алынып келген башка адамдарга болсо түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», деп айтылат расмий маалыматта.

Эгер айып коюлгандардын күнөөсү далилденсе бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мунун алдында айрым тургундар жарылуунун курмандыктары көп болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бийлик өкүлдөрү ал айтылгандарды жокко чыгарышкан.

Жергиликтүү бийлик 28-июнда шаар жарылуудан чачыраган ок-дарыдан толук тазаланганын билдирген. Ошол күнү үй-жайын таштай качкан тургундар Арыска кайтып келген. Айрым тургундар бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылышкан.

Арыста 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, үч киши мерт болгон. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.

XS
SM
MD
LG