Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Балага сүйүнчү эки күндө бериле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул эки күн ичинде, ашыкча документтерсиз бериле баштаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Айкөл Турганбаеванын айтымында, эми төрөгөн аялдын паспорту менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү гана жетиштүү. Мурдагыдай, жашаган жеринен маалымдама жана банк эсебин ачуу талап кылынбайт.

- Паспорт жана баланын күбөлүгү Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүнө берилер замат онлайн тизмеге алынат да, транзиттик эсеп ачылат. Андан ары эки күндө «Айыл банк» же РСК банктан акчаны алса болот,- деди Турганбаева.

Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сом. Эгиз же үч, төрт эм төрөлгөндөрдүн ар бирине берилет. Акчаны үй-бүлөлүк шартына карабай, бардык жарандар алышат.

2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги каражат жетиштүү экенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG