Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Жээнбеков: айрымдар жаңы форматта иштөөгө өтпөй жатышат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү сот-укук реформасынын маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчы укук колдонуучулардын жаңы форматта иштөөгө өтпөй, ката кетирип коюудан коркуп, өзгөртүүлөрдү колдонбой жатканын сындады.

«Жооптуу адамдар ушул убакка чейин реформанын концепциясын түшүнбөй, кол астындагыларына убагында зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышпады. Айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү анын негизги багыттарын түшүнбөгөнү өкүнүчтүү», деп белгилеген Жээнбеков.

Мамлекет башчы сот-укук реформасын жүргүзүү зарылчылыгы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу маселелери чечилбей жатканынан улам келип чыкканын белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жаңы кодекстерди ишке киргизүүдө мурдагы ченемдер менен болгон карама-каршылыктарды жоюу иши бүтө элек экенин айтып, «айрымдар мыйзамдарды кайра карап чыгуу аркылуу эски практиканы калыбына келтиргиси келери мага белгилүү. Биз ага жол бербешибиз керек» деп билдирди.

Кеңешмеде эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү Гүлмира Маматкеримова, Лейла Сыдыкова, Тахмина Ашуралиева, Богатырь Сапарбаев мамлекеттик органдардын ишине жасалган мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалымат беришти.

Мындан сырткары өздөрү көзөмөлдөгөн багыттар боюнча Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев чыгып сүйлөштү.

Жыйынтыгында сот-укук реформасынын жүрүшүн тездетүү боюнча тийиштүү протоколдук сунуштар жана тапшырмалар берилди.

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда жаңы институттарды киргизүүнү, тергөө бөлмөсүн жана сот отурумдары өтүүчү залдарды санариптештирүүнү караган жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG