Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Путин Аскер-деңиз флотунун жоокерлеринин өлүмүн иликтөөнү тапшырды

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Аскер-деңиз флотунун 14 жоокеринин өлүмүн иликтөөнү коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырды.

Путин Шойгуну 2-июлда кабыл алып, окуяны «флот, жалпы эле армия үчүн чоң жоготуу» деп атады. Ал министрге иликтөөнү жерине барып жүргүзүүнү тапшырды. 

1-июлда Баренц деңизинде Түндүк аймактык Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери суунун тереңинде илимий изилдөө менен алектенген аппаратта чыккан өрттөн каза болушкан.

Кырсык изилдөөнүн алкагында биометрикалык ченөө иштерин жүргүзүп жаткан маалда болгону, жоокерлер иске ууланып өлгөнү кабарланган. 

XS
SM
MD
LG