Түрк бийлиги бул өлкөгө барып иштөөнү каалаган кыргызстандар үчүн документ алуунун жол-жобосун жеңилдетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, макулдашуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун май айында Түркияда өткөн расмий сапарында түзүлгөн.
Ага ылайык, Анкара Түркияга барып иштей турган кыргызстандыктарга документ алууда төлөнүүчү акчаны арзандатты. Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат көрсөтүү министрлигинин чечими менен эми кыргызстандыктар жумушка уруксат кагазын алыш үчүн мурдагыдай 220 доллар төлөбөй калат. 26-июндан тартып Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен бул мамлекетке кириш үчүн документтер топтомун алуу акысы 80 долларды түзөт.
Анын 30 доллары эмгек визасын ачууга, 50 доллары виза борборунун комиссиялык жыйымына берилет. ТИМдин маалыматына караганда, быйыл жыл башында Түркияга ишке орношуу үчүн документ алуу акысы 283 долларга көтөрүлгөн.
Түркияга эмгек визасын ачууну көздөгөндөр көбөйгөндүктөн, документтерди кабыл алуу жана жасоо үчүн Бишкектин Разаков көчөсү-2 дарегинде жайгашкан Виза борбору 10-июнда ачылган.
Кыргызстандыктар Түркияга көбүнчө туристтик мезгилде барып, иштеп келишет. (NT)