Бул тууралуу VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин аяктаганына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабеков басма сөз жыйынын өткөрүп жатып билдирди. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламент өз ишин аткарганын, мында мыйзам бузуу болбогонун айтты:
- Биз эч кандай регламенттен чыккан жокпуз. Баары мыйзамдуу болду. Парламент өзү кабыл алган мыйзамдарга жоопкерчилик алууга даяр.
Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берген.
Жумабеков жыйында депутаттардын санын 35ке чейин азайтуу боюнча айрым сунуштарга жооп берип, «бул туура эмес, анда 35 президент болуп алат. 120 болгону эле туура», - деди.
Спикер депутаттарга сын-пикирлер көп айтылып жатканы алардын жакшы иштеп жатканына байланыштуу деп эсептейт. Жогорку Кеңеш бир жыл ичинде 102 мыйзам долбоорун, 600дөй токтом долбоорун, 20 миңдей элдин кайрылуусун кабыл алып, 3 миңдей жыйын өткөргөн.
VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин 27-июнда аяктаган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.
Парламент сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө ишин баштайт.(КЕ)