Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Парламенттин «саясий эркине» баа


Жогорку Кеңештеги микрофон.
Жогорку Кеңештеги микрофон.

Жогорку Кеңеш күзгө чейин каникулга тарады. Эс алуу алдында депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты.

27-июнда сессияны жыйынтыктап жатып спикер Дастанбек Жумабеков депутаттар кыйла алгылыктуу иштегенин, жыл ичинде маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын белгиледи.

Дал ушул күнү Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген статустан ажыратты.

Парламенттин бул кадамы коомчулукта түркүн пикирге жем таштады. Мурдагы президенттин тарапташтары депутаттардын аракетин азыркы бийликке жагынуу катары баалашты.

Ал эми депутаттар постсоветтик аймакта биринчи болуп ушундай чечим кабыл алганын айтышууда.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңештин VI чакырылышы бул чечими менен тарыхта калды деп эсептейт. Ал буга «жаңы бийлик да мүмкүнчүлүк бергенин» айтты.

Алтынбек Жунус уулу.
Алтынбек Жунус уулу.

"Парламентте өкмөттүн иши, коомдогу маселелер боюнча кенен сүйлөдүк. Комиссия түзүү, бажалар боюнча, «КТ Мобайл» жана башка иштер боюнча Жогорку Кеңеш V сессияда саясий эркин көрсөтө алды. Буга жаңы бийлик мүмкүнчүлүк берди деп да айта алам. Мүмкүнчүлүк берди дегенде бул Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу эмес, жалпы эле жетинчи кабаттан парламентке «тапшырмалар» түшкөн жок. Жогорку Кеңештин 7-8-чакырылыштарында «парламенттин 6-чакырылышынын депутаттары тарыхта биринчи жолу экс-президенттин кол тийбестигин алган» деп айтылып калса керек. Анткени буга Жогорку Кеңештин эрки жетти".

Ал эми “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов парламент соңку кезде жакшы иштей баштаганын белгиледи.

"Жогорку Кеңеш мурдагыга караганда өз алдынча болууга үйрөндү. Башкалардын кабак-кашына карап, кылчактагандан алыстап баратабыз. Ар бир депутат өзүнүн жана шайлоочуларынын көз карашын эркин билдире баштады. Буга чейин бизде деле көп маалымат жок болчу. Коррупциялык иштердин, схемалардын бети ачылгандан бери биз да каршылык көрсөтүп жатабыз".

​Деген менен эл өкүлдөрүнүн ишине алымсынбагандар да бар. Алгачкы "легендарлуу парламент" деген атка конгон чакырылышта депутат болгон, академик Жамин Акималиев Жогорку Кеңешти өз милдетин аткарбай калды деп сынга алды.

"Булар негизги милдетин аткарган жок. Өлкөнүн өсүшүнө шарт түзүүгө чара көрүшпөдү. Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөнгө буларда убакыт да, каалоо да болгон жок. Анүстүнө кийинки учурда Жогорку Кеңеш укук коргоо органдарынын милдетин аткарып калды. Биринчиден, бул алардын милдети эмес. Экинчиден, атайын органдардын ишине киришүү болуп жатпайбы".

Ал эми жарандык активист Гүлжигит Исаков парламенттин өз алдынча болгонуна ишенбейт.

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

"VI чакырылыштын канчалык деңгээлде иш алып барганын, деңгээли кандай экенин аларды парламентке алып келгендер билет. Алар керек болсо өз сүрөттөмөсүн да беришкен. Убагында бийликке деңгээли ушундай депутаттар керек болгон. Ошону айтып койсо арданып жатышат. Булардын "өз алдынча болуп кеттик" дегенине мен ишенбей турам. Бирөө сындап койсо ошого таарынгандай эле болуп жатышат. Мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп, ошого жараша иштей алышкан жок".

Белгилүү болгондой 8-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен коррупцияга каршы митинг өткөрүп, анда Жогорку Кеңештин депутаттарын ачуу сындаган.

Парламент бул сынга 12-июнда өткөн жыйында жооп берип, 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзүлгөн.

27-июнда өткөн жыйында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров президенттин, депутаттардын дарегине айтылып жаткан мазактоо иретиндеги пикирлерге Башкы прокуратура кандай реакция кыларына кызыккан.

"Акыркы кездери экс-президент тарабынан, кээ бир саясатчылар тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын дарегине мазактоо иретиндеги сөздөр көп айтылып жатат. Президент менен Жогорку Кеңешти эл шайлайт. Бир гана Кудай жана эл баа бере алат. Ушул багытта кандай иш-аракеттерди алып барасыңар? Юридикалык баа берилеби?".

Башкы прокурор президенттин кадыр-баркына шек келтирилген учурда мамлекет башчы арыз менен кайрылышы керек экенин, депутаттар жеке тартипте сотко кайрылышы зарыл болорун билдирген.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышат.

"Азаттыктын" архиви: Жумабеков: Атамбаевге сөз берген эмесмин, 19-июнь, 2019-жыл.

Жумабеков: Атамбаевге сөз берген эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:41 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG