Атамбаев макамдан ажырады. Кийинки кадам кандай?
Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген статустан ажыратты. Башкы прокуратура Атамбаев өлкөнү башкарып турган мезгилде бир нече мыйзам бузган деп, кылмыш ишин козгоого уруксат алды. Мурдагы президент жана анын тарапкерлери бул аракетти саясий куугунтук катары санап, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө штаб түздү. Постсоветтик чөлкөмдө биринчи жолу парламент тарабынан экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу Кыргызстандагы коомдук-саясий абалга кандай таасирин тийгизет? "Эксперттер талдайт" талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков, парламент депутаттары Акылбек Жапаров, Анвар Артыков, жарандык активист Динара Ошурахунова жана БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?
-
Январь 16, 2024
Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?