Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Жолдубаева: Раиса Атамбаевага байланыштуу маалымат - кара пиар

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Коомдук телерадиоканал (КТРК) Раиса Атамбаева тууралуу тараткан маалыматты «чындыкка коошпой» турганын айтты:

-Бул коомдук пикир жаратуу максатында жасалган кара пиардын бир түрү. Ал көрсөтүүдө көбүртүп-жабыртылган маалыматтар болду. Так фактылар болгон жок. Атайылап каралоо үчүн жасалган, - деди Жолдубаева.

«Ала-Тоо 24» телеканалы 2-июлда «Көлөкө. Инвесторлордун мүлкүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деп аталган тасма көрсөткөн. Анда инвесторлордун мүлкүн рейдерлик жол менен тартып алууга мурдагы президенттин эң жакын адамдары, жубайы аралашканы айтылган.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу укук коргоо органдарынын видеосу да кошулган.

Программаны даярдаган журналист Уланбек Дыйканбаев жогору жактан эч кандай көрсөтмө болбогонун айтып, КСДП өкүлүнүн «кара пиар» деген сөзү туура эмес экенин белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG