Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, дарыгерлерге 100дөн ашуун киши кайрылды. Ооруканага жаткырылгандардын саны 50 кишиге жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Уулангандар Кочкор, Токмок, Ысык-Көл, Чүй аймактык жана Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Арасында балдар да бар.
Тойго баргандар балык, тоок, краб таякчалары кошулган салат жегенин «Азаттыкка» билдиришкен. Азырынча уулануунун себептери расмий айтыла элек.
Аталган министрлик 2-июлда 33 киши ооруканага жаткырылганын, алардын абалы «орточо оор» экенин билдирген.
Маалыматка караганда, жабыркагандар 29-июнда үлпөт тойго барышкан. Жалпы чакырылгандардын саны болжол менен 256 киши экени айтылууда. (КЕ)