Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Илмияновдун иши сотко жөнөтүлдү


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган факты тергелип бүткөнүн 3-июлда билдирди.

10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Илмияновду жоопко тартуу актысын бекитүү жана сотко өткөрүү менен Башкы прокуратура алектенет.

Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев «Азаттыкка» иштин сотко жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматы жок экенин жана тергелип бүткөн иштин материалдары менен азырынча тааныша элек экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG