Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Бишкекте Борбор Азиядагы экстремизм маселеси талкууланып жатат


Бишкектеги жыйын.
Бишкектеги жыйын.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Борбор Азиядагы экстремизм, ага каршы туруу маселесин талкуулаган жыйын уюштурду. 3-4-июлдагы семинарга чөлкөмдөгү беш мамлекеттин күч органдарынан, жарандык коомунан өкүлдөр чакырылган.

Экстремизмге каршы күрөш жүргүзгөн "Борбор Азия желесинин" биринчи жыйыны 2019-жылдын январында Казакстандын Алматы шаарында өткөн.

Иш-чара БУУнун Баңгизат жана кылмыштар боюнча Бишкектеги программалык кеңсеси өнөктөштүк кылды. Долбоорду Швейия менен Германиянын өкмөттөрү колдойт.

15-февралда КМШ мамлекеттеринин антитеррордук борборунун изилдөөсү жарыяланган. Анда Борбор Азиядагы бир да мамлекет экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштарды азайта албай жатканы айтылган.

Изилдөөдө 2018-жылдагы маалыматка ылайык, экстремизмге байланыштуу соттолгондордун саны Кыргызстанда 256, Казакстанда 661, Тажикстанда 675 киши деп эсептелген. Өзбекстан менен Түркмөнстан боюнча так маалымат жок.

XS
SM
MD
LG