Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин митинги башталып жатат (видео)


Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында 3-июлда «Соке болбой калды» аттуу тынчтык митинг уюштурулду. Cаат 16:00дө башталары айтылган жыйынды мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери өткөрүп жатышат. Ага Атамбаев өзү да катышары айтылган. «Азаттыктын» кабарчысы Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков Карамат Орозова келгенин билдирди.

Уюштуруучулар митингде бийликке «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташташарын айтышкан.

Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинг тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.

27-июнда Жогорку Кеңештин Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө топтолуп, тилектештик билдирип турушат.

XS
SM
MD
LG