Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Бийликке каршы митингге Атамбаев да катышууда


Атамбаевди колдогон митингдин катышуучулары.
Атамбаевди колдогон митингдин катышуучулары.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анык тарапкерлери 3-июлда Бишкекте өткөрүп жаткан митингге уюштуруучулардын эсебинде миңден ашуун киши катышууда.

«Соке болбой калды» аттуу тынч митингге кечки саат 16:00га жакын эл чогула баштады.

Ага Атамбаев өзү да катышууда. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Карамат Орозова, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын азыркы төрайымы Асел Кодуранова өңдүү саясатчылар келди.

Уюштуруучулар митингде бийликке «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташташарын айтышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков же анын аппараты Атамбаев менен анын тарапкерлеринин митинги тууралуу маалыматка расмий комментарий бере элек.

«Азаттык» митингди түз алып көрсөтүп жатат:

27-июнда Жогорку Кеңештин Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө топтолуп, тилектештик билдирип турушат.

XS
SM
MD
LG