Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

Бишкекте чет элдик жаранды сабоого шектүү киши кармалды


Бишкек шаардык милициясы «Айчүрөк» соода борбору тарапта нигериялык жаранды сабады деген киши 3-июлда кармалганын билдирди. Ал Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Жабыркаган чет элдик 2-июлда токмок жеп, Улуттук госпиталга түшкөн. Ал жактан милицияга кабар берилген. Күбөлөр Нигериянын 1985-жылы туулган жаранын белгисиз киши ур-токмокко алганын билдиришкен. Азыр ал реанимацияда экени кабарланды. Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси («Саламаттыкка оор зыян келтирүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Буга чейин шаардын борборунда эс-учун жоготуп жаткан ынды кара кишиге жарандар жардам берип жатышканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Жабырлануучу Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштей турганы айтылган.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. Чырга эмне себеп болгону белгисиз. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG