Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети оппозицияга басымды токтотууга чакырды


Алмазбек Атамбаев жана Кылычбек Султан. 2-июль, 2019-жыл. Чүй, Кой-Таш айылы.
Алмазбек Атамбаев жана Кылычбек Султан. 2-июль, 2019-жыл. Чүй, Кой-Таш айылы.

Кыргызстандагы саясатчылар жана жарандык активисттер түзгөн «Адилеттүүлүк үчүн» комитети президент Сооронбай Жээнбековго, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге кайрылып, конституциялык укуктарды жана жарандардын эркиндигин бекем сактоо талабын коюшту. Буга Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылышы себеп болгон. Аталган комитет муну анын оппозициялык ишмердүүлүгү жана сөз эркиндигине болгон басым катары баалаган.

Кылычбек Султан бүгүн саат 10:30да УКМКга сурак бергени кирип кетти. Ал 3-июлда дагы беш сааттай сурак берип чыкканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Адвокат да, Кылычбек Султан да сурактын жүрүшү тууралуу маалымат таратпоо жөнүндө тилкат жазып берген. Ошондуктан Токтакунова анын УКМКга эмне үчүн чакырылганынын чоо-жайын айткан жок.

Буга чейин УКМК Кылычбек Султан мурда козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын билдирген. Бирок кайсы кылмыш иши жөнүндө сөз болуп жатканы азырынча беймаалым.

Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган. Андан бери ал азыркы бийликтин дарегине сын айтып келе жатат.

2-июлда ал мурдагы президентке тилектештик билдирип, Кой-Таш айылына чогулгандардын алдына барган жана Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG