Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Кентуккидеги кампада 9 миллион литр виски өрттөнүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Кентукки штатында «Jim Beam» компаниясынын эки кампасында чыккан өрттө бери дегенде 45 миң челек (9 миллион литр) виски жок болду. Компаниянын өкүлүнүн айтымында, өрткө чагылган себеп болушу мүмкүн.

Өрт 3-июлга караган түнү башталган. Өрт өчүргүчтөрдүн бир нече сааттык аракетине карабастан эртең менен кампалардын бири толугу менен жок болгон. Өрттөн эч ким жабыркаган жок.

Баштапкы маалыматтар боюнча, келтирилген зыяндын суммасы 90 миллион доллардан 300 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн.

Кентукки штатында «Jim Beam» компаниясынын 126 кампасы бар, ал жакта 3 миллион бочка виски сакталат.

«Jim Beam» — дүйнөдө эң көп сатылган бурбондун (жүгөрүдөн жасалган америкалык виски) бренди. Компания 1795-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG