Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:22

КСДПнын мүчөсү Финполицияга суракка чакырылды


Алга Кылычов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылды.

Партиянын расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдиргендей, чакыруу бүгүн саат 15:00гө берилген.

Финполиция партиянын мүчөсүн быйыл апрелде да суракка чакырган. Анда бул иш боюнча Кылычовдун юристи, орун басары болуп төрт киши сурак берип чыгышкан. Өзү муну «саясий буюртма» деп баалап, «Дан» мамлекеттик мекемесин жетектеп турган учуруна байланыштуу мурда козголгон кылмыш ишин Финпол жандантканын билдирген.

Финполиция Кылычов күбө катары суралып жатканын кабарлады.

3-июлда Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг өткөрүп, бийликке бир нече талап коюшкан. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (41)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG