Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Швейцария Каримованын эсебиндеги акчаны Өзбекстанга кайтарууну токтотту


Гүлнара Каримова Жерар Депардье менен ыр жаздырып жаткан учур. Архивдик сүрөт.
Гүлнара Каримова Жерар Депардье менен ыр жаздырып жаткан учур. Архивдик сүрөт.

Швейцариянын бийлиги Гүлнара Каримованын эсебиндеги миллиондогон долларды Өзбекстанга кайтарууну токтотту. Маркум президент Ислам Каримовдун кызынын банк эсептери 2015-жылы АКШда жана Европада ага каршы коррупция боюнча кылмыш иштери козголгондон кийин камакка алынган. Тергөөчүлөр Каримова Өзбекстанда иштегиси келген телекоммуникациялык компаниялардан 1 миллиард доллар пара алган деп эсептешет. Ал акча офшордук фирмалар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарылган.

555 миллион долларга жакын акча Швейцарияда табылган. Өткөн айда ал өлкөнүн бийлиги жок дегенде ошол сумманын жарымын кайтарууга макул болгон. Адвокат Грегуар Манже акча кайтарууну токтотуу колонияда отурган Каримованын абалы начарлаганына жана ага керектүү медициналык жардам берилбегенине байланыштуу токтотулганын билдирди. Бул маалыматты Каримованын кызы социалдык тармактарда быштыктады. Өзбек бийлиги акча которуунун токтотулушу жана Каримованын саламаттыгы тууралуу кабарларга азырынча жооп бере элек.

Өзбекстандын акыйкатчысы Улугбек Мухаммадиев жакында эле №21 түрмөдө Каримовадан кабар алып келген. Акыйкатчынын айтымында, Каримованын абалы жакшы жана зарыл болгон медициналык жардамды алууда. Бирок Өзбекстандын Юстиция министрлиги түрмөдө текшерүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы мартта үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка которулган.

XS
SM
MD
LG