Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Шойгу: суу алдындагы кемеде өрт аккумулятордук жерпайда чыккан


Владимир Путин жана Сергей Шойгу. 2-июль, 2019-жыл.
Владимир Путин жана Сергей Шойгу. 2-июль, 2019-жыл.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 4-июлда президент Владимир Путинге суу алдындагы кемедеги 14 деңизчинин өмүрүн алган өрт аккумулятордук жерпайда чыкканын айтты:

- Кырсыктын негизги себеби аныкталды – өрт аккумулятордук жерпайда чыгып, андан ары жайылып кеткен.

Шойгу өрт чыккан кеме калыбына келтириле турганын кошумчалады:

- Суу алдындагы кемени калыбына келтирүү мөөнөтүн, бул жумуштардын көлөмүн баалаш үчүн конструкторлор тартылды. Баштапкы баалоо боюнча ремонт жасаса болот. Биздин учурда – бул жөн гана мүмкүн эмес, бул – милдеттүү иш. Азыр биз ремонттун мөөнөтүн болжолдоп жатабыз.

Кечээ «Forbes» басылмасы суу алдындагы кемедеги өрттүн тутанышына аккумулятордук батареялардагы мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн экенин жазган. «Forbes» муну Орусиянын Коргоо министрлигине жакын өз булактарына таянып билдирди.

1-июлда болгон кырсыкта 14 деңизчи, анын ичинде жогорку даражалуу офицерлер, Орусия Баатырлары да каза табышкан. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аппарат тууралуу маалымат «жашыруун» экенин эске салып, Кремль моряктар кандай тапшырма аткарып жатканын ачык айткан эмес.

XS
SM
MD
LG