Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Иликтөө: Австриянын банктарында Назарбаеванын эсептери бар


Дарига Назарбаева.
Дарига Назарбаева.

Казакстандын экс-президентинин улуу кызы Дарига Назарбаева 2000-жылдан бери австриялык банктарда ачылган эсептерди колдонуп келатат. Бул тууралуу «Евразия демократиялык демилгеси» эл аралык уюму (Eurasia Democracy Initiative, EDI) билдирди. Аталган уюм мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдөгү өткөөл процесстерди изилдейт. Бул эсептердин бир бөлүгү Назарбаевага таандык, калганын Дарига мурдагы күйөөсү Рахат Алиев менен чогуу колдонгон. Австриялык тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул эсептер аркылуу миллиондогон доллар өткөн.

Алиев ошол жылдары Казакстандын Австриядагы элчиси болчу. 2007-жылы Нурсултан Назарбаевдин каарына калып, аялы менен ажырашып, Батышта баш калкалап жүргөн. Алиевге карата Австрияда, Германияда жана Мальтада «арам акчаны адалдаган» деген шек менен тергөө башталган. Бирок 2015-жылы Алиев Австриядагы түрмөдө асынган абалда табылган.

Учурда Дарига Назарбаева парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы (бул кызматка атасы дайындаган). Назарбаеваны жакында эле шайланган президент Касым-Жомарт Токаевдин мураскору деп аташат. Казакстандын Конституциясы боюнча, эгерде президент кызматтан кетсе, өлкөнү Сенаттын төрагасы башкарат.

Назарбаева Австриядагы банк эсептери тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG