Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Орусия: окумуштуулар 100гө жакын киттин айрымдарын деңизге коё беришти


1-март, 2019-жыл.
1-март, 2019-жыл.

Илимпоздор киттерди деңизге коё берүү боюнча биринчи аракет ийгиликтүү жүзөгө ашканын билдиришти. Маалыматка караганда, эми калгандарын да сууга коё берүү аракети көрүлөт. Буга чейин окумуштуулардын дарегине суу жаныбарларын мыйзамсыз кармап алышканы тууралуу сындар айтылган.

Бирок 4-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Бүткүл орусиялык Балык чарбасы жана океанография боюнча илимий-изилдөө институтунун директору Кирилл Колончин окумуштуулардын мындан башка аргасы жок болгонун билдирди.

"Илимий жактан алып караганда бул фантастикалык тажрыйба болду. Себеби, биз жаныбарлар узак убакыт бою капаста жатканда өзүн кандай алып жүргөнүнө байкоо жүргүзө алдык".

Быйыл февраль айында орус бийлиги Приморье аймагында Тынч океандан ондогон киттерди шарты жок жерде мыйзамсыз кармап турушат деп төрт компанияга карата кылмыш иш козгогон. Ал эми окумуштуулар аларды Кытайга сатуу үчүн кармап турган жеринен алып, өз алдынча багып жатышканы айтылган.

XS
SM
MD
LG