Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

АКШ Ирандын мунай ташыган танкеринин кармалышын кубаттады


Британиянын күзөт кемеси "Грейс-1" танкерин кайтарып турат. Гибралтар. 4-июль, 2019-жыл.
Британиянын күзөт кемеси "Грейс-1" танкерин кайтарып турат. Гибралтар. 4-июль, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Гибралтар кысыгына жакын жерде мунай ташыган ирандык танкерди Британиянын кармап алышын “мыкты жаңылык” деп атады. Ал эми Тегеран бул окуяны “мыйзамсыз кармоо” деп баалады.

«Мыкты жаңылык: Улуу Британия Ирандын мунайын жүктөп, Европа Биримдигинин санкцияларын бузуу менен Сирия тарапты көздөй жөнөп бараткан "Грейс-1" танкерин колго түшүрдү, - деп жазды 4-июлда АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.

Анын айтымында, Америка жана өнөктөштөрү Тегерандын, Дамасктын режимдерине мындай мыйзамсыз соодадан киреше алышына тоскоолдук кылууну уланта берет.

Гибралтар өкмөтүнүн маалыматына караганда, Британиянын аскер-деңиз күчтөрү 3-июлда Панаманын туусу менен бараткан "Грейс-1" танкерин Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармаган.

Иран Тегерандагы британиялык элчини чакыртып, кеменин кармалышы мыйзамсыз экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG