Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Шаардык сот Салянованын бөгөт чарасын жабык кароодо


Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын карап жатат. 05.07.2019.
Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын карап жатат. 05.07.2019.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 5-июлда камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап жатат. Сотко журналисттер жана тарапташтары киргизилген жок. Адвокат буга чейин Биринчи май райондук сотунун Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган чечимине каршы шаардык сотко даттанган.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Мурдагы депутат 26-августка чейин камакта калган. 15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG