Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Гонконг: студенттер Кэрри Лэм менен сүйлөшүүдөн баш тартышты


Гонконгдогу демонстрация. 9-июнь, 2019-жыл.
Гонконгдогу демонстрация. 9-июнь, 2019-жыл.

Гонконгдогу эки университеттин студенттер союзу шаар башчысы Кэрри Лэмдин сүйлөшүү тууралуу чакыруусунан баш тартышканын жума күнү билдиришти.

Лэм жаштар менен кылмышкерлерди Кытайга экстрадициялоону карай турган мыйзамды талкуулап, алардын да үнүн угуу максатында чакырган.

Студенттер Лэмдин бул аракеттери чын дилден экенин ишенишпейт. Алардын айтымында, мындай талкуулар жабык эмес, коом алдында өтүшү керек.

Студенттер аталган мыйзамга каршы акциялардын башында турушкан. Июнь айынын башында өткөрүлгөн демонстрацияларга миллиондон ашуун адам чыккандан кийин Лэм документти кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырууга аргасыз болгон. Демонстранттар бул мыйзамдын толук жокко чыгарылышын талап кылып, утур-утур акцияларды өткөрүп келишет.

XS
SM
MD
LG