6-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35,
Нарын аймагында түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10..15, күндүз 24...29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14° болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 31...33° болот.