Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Ошто журналисттик иликтөө боюнча семинар өттү


Семинардын жүрүшүнөн көрүнүш. Ош шаары, 5-июль, 2019-жыл.
Семинардын жүрүшүнөн көрүнүш. Ош шаары, 5-июль, 2019-жыл.

Семинарда журналисттер идея издөө, маалымат булактары менен иштөө, фактыларды текшерүү өңдүү көндүмдөрдү үйрөнүп, иликтөөчү журналисттердин укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат алышты.

Семинарга “Панамагейт” маселесин иликтеп, коомчулукка алып чыккан молдовалык иликтөөчү журналист Владимир Тхорик катышып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Окуу-семинар журналисттерге жана жарандык активисттерге коомдук маанилүү маселелер боюнча маалымат издегенди, эл аралык стандарттарга шайкеш иштегенди үйрөтүү максатын көздөйт.

Иш-чараны “Журналисттик иликтөө фонду” Сорос фондунун колдоосу менен уюштурду. Ага 25 журналист жана блогерлер катышты. (MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG