Көчкүдөн улам жабылып калган Каракол-Эңилчек жолу ачылды. Таша аралаш топурактын бийиктиги 8-10 метр, узундугу 60 метрге жеткенин №11 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тариел Жаныбеков айтты.
3-июлда жер көчүп, жолдун 114-чакырымынан 133-чакырымына чейинки бөлүгү буулуп калган эле.
86 миң 400 куб топурак тазаланып, 5-июль күнү унаалардын өтүшүнө шарт түзүлдү. Жеринде 5 оор, 2 жеңил атайын техника иштеп жатат.
Бул жол Ак-Суу районунун сырт өрөөнүндөгү шарты катаал аймактардын катарына кирет. Ал аркылуу "Хан-Теңири" альп лагерине 180 чакырымды басып өтүп барса болот. (KS)