Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Бишкекте «Евробиримдик жана Борбор Азия» форуму башталды


Бишкекте 6-июлда "Евробиримдик жана Борбор Азия" форуму башталды. Түштөн кийинки бөлүгүнө Европа биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини да катышары кабарланган. Форумду ачып жатып биримдиктин Борбор Азия мамлекеттери боюнча атайын өкүлү Петер Буриан кызматташууну өнүктүрүүгө ишеним артарын айтты.

Эки күндүк жыйында Европа биримдиги менен Борбор Азиянын жакында кабыл алынган кызматташтык стратегиясы талкууланат.

7-июлда Евробиримдик жана Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Европа комиссары Невен Мимица менен 4-июлда чогуу билдирүү жасашкан.

Анда «ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык, экономикалык же экологиялык чөйрөлөрдө азыркыдан да туруктуу болуу аракетин колдогусу келет. Бул демек, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын бекемдөө, жарандык коом үчүн шарттарды түзүү, укук үстөмдүгүн жана мамлекеттик башкарууну күчөтүү, коорупция менен күрөш, ошондой эле жаштар жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү дегенди билдирет» деп айтылат. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG