Нарын облусунун Куланак айылында 6-июлда "Кулатуу эртаймаш WEF 81 PROFGIGHT 34" эл аралык турнири өтөт. «Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, кечке жуук башталчу турнирдин алкагында 18 беттеш болот.
- Ага Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Казакстандан мушкерлер катышат, - деди ал.
Спорттун "Кулатуу эртаймаш" түрү Кыргызстанда соңку жылдары кеңири жайыла баштады. (SE)