Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

«Хан-Теңириде» кылмыш жасаган адам кармала элек


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү "Хан-Теңири" лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алды, деп шек саналган адам кармала элек. Облустук милициянын басма сөз кызматы издөө уланып жатканын билдирди.

4-июлда «Хан-Теңири» альплагеринде бир киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, бир аялды барымтага алып качып кеткени кабарланган. Барымтадагы аялды бошоткон. Бычак жеген адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Окуя Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүндө жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде болгон.

Кылмышка ошол эле лагерде иштеген Сергей Смирнов аттуу киши шектүү катары изделип жатат.

Кол салууга туш болгондор ошол лагердин кызматкерлери экени айтылган.

XS
SM
MD
LG