Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

«Хан-Теңиридеги» үрөй учурган кылмыш


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүндө жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде киши колдуу болуп өлгөн эки адамдын сөөгү Каракол шаарына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлө баштады.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Шектүү адам табыла элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады.

4-июлда «Хан-Теңири» альплагеринде бир киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, аялды барымтага алып качып кеткени кабарланган.

Соңку маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү адамдан бычак жеп, колунан жараат алган адам альплагердеги жергиликтүү медициналык пункттун көзөмөлүндө жана саламаттыгы канааттандырарлык. Ал эми барымтага алынган 48 жаштагы аял базага өзү келди. Ал Каракол шаардык кара тумоого каршы күрөш башкармалыгынын адиси экени айтылууда. Аталган мекеменин өкүлдөрү азырынча толук маалымат берише элек:

«Биз жетекчибиз жок эч кандай маалымат бере албайбыз. Алар келгенден кийин сурасаңар болот».

Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун маалыматы боюнча, окуя 4-июлда Ак-Суу районундагы «Хан-Теңири» лагеринде болгон. Кылмыш боюнча ошол эле лагерде иштеген Сергей Смирнов аттуу киши шектүү катары изделип жатат:

«Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Ыкчам иликтөөгө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов көз салып, атайын топ түзүлүп, кылмышка шектүүнү кармоо аракеттери жасалууда».

Өлгөн адамдын бири, 48 жаштагы Дөөлөт Азимкулов «Хан Теңири» лагеринин жетекчисинин орун басары болчу. Аты атала элек экинчи адам лагердин жумушчусу болгону, 31 жашта экени айтылууда. Ал эми жарадар болгон адам «Хан Теңириде» жашаган жылкычы экен.

Дөөлөт Азимкулов үч жыл мурда ээлеген кызматынан алынган. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Төлөгөн Окенов билдирди:

«Ал 2016-жылы мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн жумуштан алынган. Атайын органдардын чечимине ылайык ал Сырт өрөөнүнө чыкпашы керек эле».

Төлөгөн Океновдун айтымында, ошол кезде укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында ал мамлекетке 55 миң сом айып төлөгөн. Мындан тышкары аны Сырт өрөөнүнө чыгарбоо жана аңчылык кылууга уруксат бербөө чечими чыгып, бул чечим чек ара кызматына жиберилген. Бирок Азимкулов кантип чек арачылардын текшерүүсүнөн өтүп кеткени азыр такталууда.

Кылмышка шектелип жаткан Сергей Смирнов тууралуу да азырынча толук маалымат жок. Айрым кабарларга караганда, ал балдар үйүндө тарбияланган. Түп райондук акимиаттын маалыматына караганда, ал 2015-жылга чейин Николаевка жана Түп айылдарында жашаган. Акыркы төрт жылдан бери анын туруктуу жашаган жери болгон эмес.

Кылмышка шектүүнү издөө иштерине чек арачылар да тартылды.

«Хан-Теңири» альплагери облус борборунан 180 чакырым алыстыкта жайгашып, Эңилчек Сырт өрөөнүнөн орун алган. Бул лагерь чет элдик аңчыларга мергенчилик үчүн шарттарды түзүп берет.

Кундуз Сырдыбаева, Ысык-Көл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG