Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Лондондо Тутанхамондун айкели дээрлик 6 миллион долларга сатылды


Египеттин кескин каршы экенине карабай, Тутанхамондун айкели Лондондогу аукциондо дээрлик 6 миллион долларга сатылды.

Фараон Тутанхамондун башынын кварциттен жасалган нускасы үч миң жыл мурун жаратылганы айтылат. Египет бул эстеликти кайтарып берүүнү Британиядан талап кылып келаткан.

28,5 сантиметрлик бул айкел 4-июль күнү "Christie's" аукционунда 5 миллион 970 миң долларга сатылды. Аны сатып алган кишинин аты-жөнү айтылган жок. Аукциондун алдында 20дай адам пикетке чыгып, "Египеттин тарыхы сатылбайт" деп нааразы болушту.

Июнда Египет ЮНЕСКОго кайрылып, Тутанхамондун айкелинин соодасын токтотууну өтүнгөн. Бул эстелик уурдалган болушу мүмкүн экени да айтылган. "Christie's" аукциону айкел 1985-жылы мүнхендик дилер Хайнс Герцерден сатып алынганын билдирген.

XS
SM
MD
LG