Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Газни шаарында мечиттеги жардырууда эки киши мүрт кетти


Шиит мечитинин тышында турган ооган полиция кызматкери. Герат. 25-март, 2018-жыл.
Шиит мечитинин тышында турган ооган полиция кызматкери. Герат. 25-март, 2018-жыл.

Ооганстандын Газни шаарында шииттердин мечитиндеги жардырууда эки адам өлүп, жыйырмадан көбү жарадар болду.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, окуя 5-июлдун кечинде болду, ал кезде мечитте жетимишке жакын адам бар эле. Мечитке адамдар келерден мурда бомба орнотулганы кабарланууда.

Дарыгерлер айрымдардын жарааты оор экенин айтышты.

Талибдер бул жардырууга тиешеси жок экенин белгилеп, окуяны сынга алышты. Ооган өкмөтү муну «Ислам мамлекети» террордук тобунан көрүп жатат.

XS
SM
MD
LG