«Настоящее Время» телеканалынын журналисти, кыргызстандык Жазгүл Эгембердиева Казакстандан депортацияланды.
Нур-Султан соту 5-июлда ушундай чечим чыгарып, «миграцияга байланыштуу мыйзамдарды бузду» деген негизде анын беш жыл бою өлкөгө киришине тыюу салды.
Сот чечимине ылайык, Эгембердиева он күн аралыгында чыгып кетиши керек. Бийлик журналистти Казакстанда каттоого турбай, 30 күндөн ашуун жүргөн деп негиз келтирүүдө.
«Настоящее Время» телеканалынын жетекчилиги жагдайды иликтеп жатат.
Жазгүл Эгембердиева Казакстанга 3-майда барган. 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоону чагылдырган. Ал шайлоодо мурдагы президентин Нурсултан Назарбаевдин мураскери Касым-Жомарт Токаев жеңген. Бирок жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар шайлоодо бир катар мыйзам бузуу учурлары болгонун айтып, андан бери Казакстанда улам митинг-пикеттер уюштурулуп, активисттерди полиция кармап жатат.
Эгембердиева 6-июлда Нур-Султанда өкмөткө каршы кезектеги митингди чагылдырууга камданып жаткан. Ал күнкү нааразылык акцияларында полиция ондогон адамды кармады.
Казакстанда кийинки убакта «Настоящее Время» телеканалынын, «Азаттык» радиосунун журналисттери ишмердигине байланыштуу бир катар тоскоолдуктарга кабыла баштады.
Интернеттеги социалдык тармак колдонуучулары Жазгүл Эгембердиеванын депортация кылбоого чакырык таштап жатышат.