Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Ишеним кат менен автоунаа колдонуу ыкмасын убактылуу киргизүү пландалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып ишеним кат аркылуу автоунаа колдонуу ыкмасын убактылуу кайра киргизүү пландалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов билдирди:

- Бирок ал ишке ашабы же жокпу, так айта албайбыз. Жарандардын арыз-кайрылууларынын негизинде, кайра ошол системаны колдонууну сунуш кылып жатабыз. Себеби, азыр видеокөзөмөлгө түшкөн эреже бузуу үчүн автоунаанын ээси айыпка жыгылып жатпайбы. Бирок машинеси сатылган же башка адам айдап жүргөн болушу мүмкүн.

Ишеним кат ыкмасын 2019-жылдын 1-сентябрынан 31-декабрга колдонуу пландалууда.

Машинени ишеним кат менен колдонуу тартиби 2012-жылдын август айында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен жоюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG