Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Бишкекте «Евробиримдик - Борбор Азия» тышкы иштер министрлери жолугушту


Жолугушуунун катышуучулары.
Жолугушуунун катышуучулары.

Бишкекте «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө.

7-июлдагы иш-чарага Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жана Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышууда.

5+1 форматындагы Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жолугушуу жыл сайын уюштурулат.

Быйылкы Евробиримдик 17-июнда кабыл алган Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын жаңы стратегиясы талкууланып, мындан аркы алакалардын маанилүү маселелери жөнүндө сөз болууда.

Жаңы стратегия эки максатты көздөйт. Ал «Аймактагы коопсуздук, социалдык экономикалык абалды жакшыртууга арналган туруктуулук үчүн өнөктөштүк жана Борбор Азиядагы ачык инвестициялык климатты түзүү, реформаларды камтыган өнүгүү үчүн өнөктөштүк» деп аталат.

XS
SM
MD
LG