Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:51

Сот аткаруучуну түрткүлөгөн аялга карата тергөө иши башталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 6-июль күнү социалдык тармактарга тараган видеотасмада сот аткаруучуну түрткүлөп, урушуп жаткан аялдын иши Жоруктар кодексинин 119-беренеси боюнча («Майда бейбаштык») сотко чейинки өндүрүшкө алынып, бирдиктүү реестрге катталды. Учурда бул иш боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ош ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, видеотасмадагы аял Ош шаарынын тургуну, 52 жаштагы Э.М. Кара-Суу райондук сотунун сот аткаруучусун түрткүлөп, тилдеген.

Аз күн мурун социалдык тармактарда формачан адамды тилдеп, аны үйүнүн дарбазасынын жанынан түртүп, сотко чакыруу кагазын албай кирип кеткен аялдын тартылган видео тараган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG